www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 9 жаштагы Ибрахим А.ны ток уруп, ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, деп билдирди анын апасы.

Окуя 26-июлда Айтиев көчөсү 2 дарегинде, Октябрь райондук сотунун маңдайында болгон.

Апасынын айтымында, бала башка балдар менен арыктын жанында ойноп жүргөн. Сууга жакындаганда ток урганын сезишкен. Балдар качып, бири-бирин эскертүүгө үлгүрүшкөн, бирок Ибрахим үлгүрбөй калып, ток уруп кеткен.

Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 1-августта билдиргендей, штаттан тышкаркы кырдаал тууралуу маалымат түшкөндөн кийин окуя болгон жерге «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын бригадасы барган. «Бишкек электр тармагы» ишканасынын адистери менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө дүкөндүн жанында жайгашкан темир тепкичте электр чыңалуусу бар экени аныкталган. Дүкөндү электр энергиядан өчүргөндөн кийин да чыңалуу сакталып калган. Андан кийин объект эки бөлмөдөн турары аныкталган. Мындан аркы текшерүүнү жүргүзүү үчүн окуя болгон жерге экинчи бөлмөнүн ээси чакырылган. Экинчи бөлмөнү электр энергиядан өчүргөндөн кийин, темир тепкичтеги чыңалуу толугу менен жоголгон.

«Электр тогунун агып чыгуусуна себеп болгон чубалгылар «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын балансында турбайт. Тармак ишкананын жоопкерчилик аймагына кирбейт жана ишкана тарабынан тейленбейт», - деп белгилешти мэриядан.

Адистердин алдын ала техникалык корутундусу боюнча, темир тепкичте чыңалуунун пайда болушуна электр энергия менен камсыздоо тутумундагы мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн.

Последние новости