www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия элди көчөгө агылып чыгууга түртүп жатабы?

Мэрия улам бир базарды белгисиз мөөнөткө жаап, калгандарын "жабам" - деп коркутуп элди көчөгө агылып чыгып кетүүгө түртүп жатат окшойт. Ушунчаңарда акылыңарга келгиле. Жашоо турмуш ансыз да күн санап начарлап баратат. Базарлар иштеген менен соода алсыз. Азык-түлүк кичине өткөнү менен буюм жагы эптеп кыймылдоодо. Жумушсуздук күчөп кетти. Базарларга эптеп күнүмдүк токоч табууга чыккандар толтура. Эгер элдин чыдамы түгөнүп көчөгө чыгып кетсе эч ким токтото албайт.

Американы карагыла эки ай үйдө камакта отуруп буулуккан элге бир ынды каранын өлгөнү шылтоо болду да бүт агылып көчөгө чыгып кетти. Америка таажы тумоодон жабыр тартканы боюнча да, өлгөндөрдүн көптүгү боюнча да дүйнөдө биринчи орунда турат. Эл ага карадыбы? Карашкан жок. Оорудан коркушкан жок. Оору унутулду. Канча соода түйүндөр талкаланып тонолду? Бүгүн актар каралардын бутун өөп атат. Американын эли жетишсиздиктен, ачкалыктан кыйналышкан эмес. Биздин эл азыр эмне деген кыйынчылыкта турганын ойлогула.

Кредиттер, светке, газга, квартирага карыздар элди кыса баштады. Жеке менчик тармактарда иштегендерге айлык маяна берилбей калды. Дезинфекцияны кечинде базарды эртерээк жаап деле жасаса болот. Мындайда ар бир адамдын жеке жоопкерчилигин күчөтүү жагында иштеген туура болот. Сатуучуларды бат-бат текшерип тартибин карагыла. Колдон келсе элге жардам кылгандын ордуна жеңил жагына өтпөгүлө да. 

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости