www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыдагы шайлоо, карантин шарттары, Раим миллион, чек ара көйгөйү ж.б. маселелер боюнча Акматбек Келдибековичти кепке тартып, ат жалында учкай пикирин сурадык.

--Акматбек мырза, дүйнөнү каптаган коронавирус илдети биздин өлкөгө да кирип, карантин шартында жатып калдык, бул аралыкта эмнелер менен алектендиңиз? Баса, бийликтин карантин чечими туура болдубу?

--Эл катары карантинде жатып, эрежени сактаганга аракеттендик. Илдеттин алдын алуу боюнча атайын эсеп ачылган экен, ага каражат котордук. Колдон келишинче муктаждарга жардам көрсөттүк. Кичи мекениме да кол кабыш кылдым. Айтор, мамлекеттеги кырдаалга кайдыгер карабай, көмөктөшкөнгө аракеттендик. Негизи, коронавирусту тартип менен гана жеңсе болорун байкап жатабыз, андыктан айтылган эрежелерди так сактап, ар бирибиз жакындарыбызга кам көрөлүк. Ал эми коронавирустун алдын алуу ишинде Мамлекет башчыбыз чечкиндүү чара көрүп, «биринчи элдин саламаттыгы, экономика 2-орунда» дегени өтө туура болду. Ошонун негизинде оорунун жайылышын солгундатып, эпидемиянын чоң толкунунан калкалап калдык. Кээ бирөө дагы деле ишенбей, илдетти жокко чыгарып, тоңмоюндук кылып жатат. Муну көнүлгө албоо туура эмес. Алар ооруган адамдар менен сүйлөшсө түшүнөт. Бут дүйнө жүзүн дүңгүрөткөнүн көрүп жатабыз, демек андан сактаныш биринчи ирттеги маселе.

--Экономикалык жактан катуу чыгым тарттык окшойт го...

--Биз эле эмес, жалпы дүйнө жүзү жабыр тартты. Экономикасы күчтүү өлкөлөр да кыйналды. Европа, Америка кыйналып турган учуру. Россия жана Казакстанда жыйнаган акчасы бар экен - элге, ишкерлерге жумшап, кризистен чыкканга аракеттенүүдө. Кудайга шүгүр, биз деле ачка калган жокпуз, бийлик колдон келген аракеттерин көрүп жатат. Экономика өтө чоң зыян тартты дегенден алысмын, убактылуу гана кыйынчылыктар жаралды. Ырас, мамлекетке каражат жыйналбай калды, азыр аны эл аралык донорлордон алган акча менен ордун толтурганга аракеттер көрүлүүдө. Кечээ Эл аралык валюта фондунан 240 млн доллар алды, экинчи траншта 200 миллиондон ашык каражат келет деп айтышты. Эл арасында түшүндүрүү иштери жүрбөгөндүктөн, кээ бирөө бул каражатты элге таркатылып берүү үчүн келген деп ойлоп жатат, андай эмес, - салыктан, бажыдан түшпөй калган каражатты жаап, пенсия, пособия, айлык ж.б. төлөө үчүн келди. Муну Мамлекет башчыбыздын эл аралык уюмдар менен тыгыз иштегендигинин жыйынтыгы десек болот. Эми ишкерлерди бутуна тургузуш үчүн быйылкы жылдын эсебинен түшө турган салыктарын карап чыгып, көпчүлүгүн бошотуш ксрек. Аларды салыктан бошотсок, карантиндеги зыяндын ордун жабат да, эмдиги жылга толук иштеп кетет.

--Өнөктөш өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп, бизде медиктерге компенсация төлөп жатышат, ооруп калса 200 миң, кайтыш болсо 1 млн сом. «Демилге бюджетке өтө чоң оорчулук жаратышы мүмкүн» дегендер бар, илдетти жасалма каттап, акчаны бөлүп алуу боюнча сөздөр болгону парламентте дагы айтылды, буга көз карашыңыз кандай?

--Демилге туура болгон, доктурларга алкыш гана айтышыбыз керек. Ооругандар менен түздөн түз байланышып, азыр күнү-түнү карап жаткан медиктер. Өздөрүнүн ден соолугун тобокелге салып жатышат. Алардын саламаттыгын ойлоо - мамлекеттин милдети. Колдон келсе, мындан дагы көбүрөөк беришибиз керек, себеби ден соолуктан өткөн байлык жок. Мындай шартта адамдын өмүрү менен акчанын баалуулугун салыштырууга болбойт. Айлыктарына да кошумча төлөнүп жатат, демилге туура болгон. Президенттин дарыгерлерге кам көргөнү көрөгөчтүк болду. Кудай өмүр берсин врачтарга. «Врачтар акча алыш үчүн ооруп жатат» деген ушактар бар. Мындай ооруну эч ким өзүнө каалабайт.

--Шайлоонун желаргысы жүрүп, биригүүлөр башталды, сиздер да катышасыздарбы?

--Биз дагы сөзсүз шайлоого барабыз, бирок азыркы эпидемиологиялык шартта шайлоо же башка нерсени айтыш азырынча эрте. Кудай сактасын, эгер илдет токтобой күчөп кетсе, шайлоо негизги маселе болбой калат.

--Жылып кетиши мүмкүн деп эсептейсизби?

--Жамандыктын бетин ары кылсын, бирок катуулап кетсе, жылдырууга мажбур болот. Бизге элдин ден соолугу керек. Мына, эки ай мурун жергиликтүү шайлоо жылдырылды. Президент бул чечимди туура кабыл алды. Анткени, шайлоодо эл жыш чогулуп, үгүт маалында бири-бири тыгыз катышат, жыйналат. Эгер токтопосо, оору күчөп кетмек. Азыр саясатчылар эл ичин аралабаса дагы өз ара жолугушууларды өткөрүп, биригип жатышат. Мындай нерселер буга чейин болуп келген, мындан ары да боло берет. Мунун жаман жагы жок. Ал эми бири-бирине баа берип же каралаганы туура эмес. НПОчулар биригип алып ар кимге көө жапканын да байкап жатам, мындайдан алыс болушубуз керек. Адамдык жүзүбүздү, сапатыбызды жоготпойлу. Мамлекеттин ичиндеги ынтымакты бузуп, өлкөнүн тынчтыгына бүлүк салгандан алыс болушубуз зарыл.

--«Ата-Журт» партиясы да биригүүлөр боюнча иш алыч барып жаткандыр...

--Сүйлөшүү процесстери жүрүп жатат. Кудайым сактап, илдет көтөрүлүп, октябрда шайлоо өтөрү аныкталса, саясаттын активдүү фазасы июль-август айларында башталат. Ага чейин убакыт бар.

--Шайлоо босогосу боюнча талаш-тартыштар жүрүп, парламент азыр 7%га түшүрүүдө, бул чек сизди канааттандырдыбы?

--Туура болду деп эсептейм, партиялар биригиши зарыл. Козукарындай жайнап чыкпай, саналуу гана партия жарышка аттанып, элдин эле кетти өнүктүрүү боюнча ишин жүргүзүшү шарт. Ал эми элдин назарына илиниш, добушун алыш оңой иш эмес. Интернетке отуруп алып жаза бергенден саясатчы чыкпайт. Өз ишин катыра иштеп, эмгеги сиңгенден кийин гана элдин колдоосуна арзышы мүмкүн. Дегеним, саясатчыны жасалма түрдө алмаштыруу мүмкүн эмес. Учурунда Атамбаев: «Мен саясатчылардын баарын жаңылайм, жаңы элитаны түптөйм» деп күпүлдөп жүрүп бүгүнкү парламентти жыйнаган. Кебетесин бүт эл көрдү. Бир ооздон «жаман» деген баа берип жатышат. Тажрыйбасы жок, мамлекеттик кызматта иштебеген, куру кыйкырык менен жүргөн адамдарды топтоп алып келгендигинин жыйынтыгы ушул болду. Өзүн бир күндө сатты. Экинчиден, Атамбаев мамлекеттик мекемеде эч качан иштебеген адамдарды чоң кызматтарга дайындап министр кылды, анын кесепетин бүгүн тартып жатабыз. Алар бүтүндөй тармакты талкалап, сызга отургузду. Эми аны оңдоо бир нече жылга созулат.

--Атамбаев демекчи, бир учурда сиздерди темир торго тыкты эле, адилетсиздик өз башына муштум болуп тийдиби?

--«Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң», «жамандык кылсаң, өз башыңа тиет» деген ата-бабадан калган улуу сөздөр бар. «Мага эч ким тийише албайт» деп эч качан көкөлөбөш керек. Ким жалган жалаа менен бирөөгө кыянаттык кылса, ал сөзсүз түрдө өз башына кайтат. Мен таба эмес, тообо кылам. Кордук көргөндүн бирин да табалагым келбейт. Бирок ким болбосун, кудай алдында, эл алдында, мамлекет алдында күнөө кетирген болсо анын азабын тартыш керек. Азыркы коронавирус илдетинен кийин адамдардын көз караштары өзгөрөт деп үмүттөнөм. Вирус мамлекеттерди алдуу же алсыз деп ылгабай, бүт баарын тегиз чөгөлөттү. Мобунун атаом бомбасы бар экен деген жок. Адамдарды дагы бай-кедейге, кызматы бары же жогуна карап бөлбөдү, тегиз каптады. Миллиардер дагы, бир тыйыны жок жөнөкөй адам дагы суктанууга аргасыз болду. Бул Кудай алдында баарыбыз бирдей экенибизди, бир бүтүн жаратылышта жашап жатканыбызды көрсөттү.

--Бийликке сын айткандар бар, сиз президенттин ишин кандай баалайсыз?

--Бийлик деген - мамлекеттин башчысы. Мыйзамга ылайык президентти эл шайлап, мандат берет, ал мамлекет үчүн жоопкер болот. Демек, президент өкмөткө сын айтып, иштебеген министрлерди кызматтан алганы туура. Муну туура түшүнүп, өкмөттүн ишине кийлигишти деген сындан оолак болушубуз шарт, бул биринчиси. Экинчиси - С.Жээнбеков эки жылга чукул убактысын эски президенттин коррупцияга малынган командасы менен күрөшүүгө коротту. Алар колдон келишинче бут тосуп, чыр чыгарганга аракеттенип, жаман көрсөткөнгө жан үрөштү. Трайбалисттик саясатты курчутуп, ойдон чыгарылган нерселерди чаптаганга аракет кылышты. Билесиңер, Атамбаев кетеринде бардык кошуна өлкөлөр менен болгон мамилени бузуп кеткен, аны кайра оңдогонго убакыт сарпталды. Өзүнүн жансакчы, шопур, тааныш-жакындарына мамлекеттик бийик кызматтарды энчилеп кадр саясатын талкалаган эле, аларды түздөөгө аракет көрүлүп жатат. Үйдү дагы бузуш оңой, аны куруш азап. Эми билек түрүнүп иштей турган жылында пандемия чыкты, экономикадан алдын элдин саламаттыгын ойлоо зарылчылыгы туулду. Бул иштерге азыр баа бере албайбыз, убактысы келет.

--Раим Матраимовду экс-ажо башкы коррупционер, бүгүнкү бийликтин "демөөрчүсү" катары сүрөттөгөнгө аракеттенди, мунун чындыгы барбы?

--Раим Матраимов Ош облусунун бажы кызматынын жетекчиси болуп турганда ошол мурунку президент Алмазбек Атамбаев өзү: «жакшы иштеди» деп алкыш сөздөрүн айтып мактап, анан республикалык бажы кызматынын орун басары кылып дайындаган. Андан кийин Раим Кара-Сууда өткөргөн иш-чараларын кубаттап, «мыкты иштерди жасап жатат, барып колдогула» деп өзүнүн кеңешчисин, өкмөт мүчөлөрүн жөнөтүп жүргөн. Анан эми өзү менен иштешкен маалда мактап, бийликтен кеткенден кийин Президентти жаманатты кылыш үчүн каралаганы акылга сыйбаган көрүнүш да. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, Раимдин коррупциялык иштери боюнча далилдер табылбады. Тескерисинче, азыр журналисттер Саймаитиден акча алганы айтылып жатат, эми чындык чыга баштады.

--Чек арадагы чырлар көбөйдү, чечилерине ишеним барбы?

--Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиеевдин кечээ жакында эки улут кантип жашашы керектиги боюнча айткан сөздөрүн угуп аябай ыраазы болдум. Өзбекстандын ажосу биздин Президентке өтө сый мамиле кыларын көрүп ичим жылыды. Чек ара маселеси жакын арада чечилерине ишеним жаратты. Албетте, чек ара маселеси бүгүн чыккан жок, союз тарагандан берки көйгөйдүн бири. Ал заматта чечилбейт, жалгыз бизге көз каранды эмес. Эки өлкөнүн макулдугу менен гана чекит коюлат. Тажикстан менен чечүү оор болушу мүмкүн. Неси болсо да тынччылыкты тилеп туралык, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Булак: De-Факто

Последние новости