www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр Суракматовдун

Бишкектин шаар башчылары президент, парламенттин төрагасы, премьер-министрди алдаганды абдан өздөштүрүп алышкан.

Өзгөчө, кышында өлкө башчысы жана башка чоңдор жүргөн трассаны асмандан кар түшүп келатканда жерге түшүрбөй тазалап салышат. Ак үй менен өкмөттүн алдын "Тазалыктын" кызматкерлери күрөк менен мизилдетип колдо тазалашканын көрүп эле жүрөбүз. Ак үй менен эски аянттан бир, эки көчө ары чыксаң эле тазаланбаган, тайгалак көчөлөрдү көрөсүң. Азыр болсо, күз келип калгандай жалбырактар саргайып турат. Эмен бактарынын көбү оорукчан. Орус драма театрынын жанында отуз чакты куураган жаш көчөттөрдү көрүп зээниң кейип кетет. Шаар башчысы Азиз Суракматов иш кылгандай түр калтырганы менен шаарга өгөй мамиле кылгандай.

Ага караганда өзүнө караштуу "Елизавета" курулуш компаниясына кебүрөөк кам көрүп жаткандай. Бул шаар башчысынын өзүм дегенде өгүздөй күчү бар экенин жакшы билебиз. Өзү шаардын башчылыгына бизнес кызыкчылыгы бар адамдарды койбош керек экен. Алар дайыма шаардын кызыкчылыгынан өздөрүнүн жеке бизнесинин кызыкчылыгын жогору койгондору көрүнүп турат.

"Россия" кинотеатры менен Ак үйдүн капталына салынган бул имараты, учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары салууга болбойт деп токтотуп койгон эле. Эл айтса калп айтпайт эмеспи, бул имаратты Азиз Суракматов бизнестеги жакын адамдары менен биргеликте салышкан деген маалыматтар бар. Суракматов шаар башчысы болуп келери менен эле токтоп турган бул имаратты, сыртын сары таш менен бүтүрүп салды. Айланасын карасаң көз тайгылайт. Андан ары чөп баскан, кароосуз калган тротуарды көрөсүң.

Салсын, ага эч кимдин деле ичи күйбөйт. Баш калаанын башчысы болгондон кийин өз бизнесинин өсүшүн карап, кабинетте отура бербей Жусуп Абдырахманов көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын айланасын бир карап койсо дурус болмок. Бул шаардыктар, чет өлкөдөн келген коноктор көп жүргөн жай эмеспи. Шаар башчысынын өз бизнесинен колу бошобосо, жок дегенде аппарат башчысы Балбак Түлөбаевди жөнөтсө томполоңдогон бойдон, биз айткан кемчиликтерди өз көзү менен көрүп, кыдырып чыкмак. Бул тартылган сүрөттөр, шаардыктардын эң сүйүктүү жайы болгон Абдырахманов көчөсү менен Эркиндик гулбагынын айланасы.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости