www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын өркүндөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, эми аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан жерине карабастан мамлекеттик турак жай программасына катышууга укук алышты.

Мунун негизинде алар өлкөнүн кайсы аймагында кызмат өтөп жатканына карабай турак жай алуу үчүн арыз бере алышат.

Ошол эле учурда талапкерлер программада белгиленген бардык талаптарга жооп берүүгө жана арыз берүү тартибин толук сактоого милдеттүү.

Белгиленген өзгөртүүлөр президенттин 2024-жылдын 17-июлундагы №191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" жарлыгына киргизилди.

Последние новости