www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын негизги максаты – өлкөдө геопарктардын улуттук тармагын түзүү, уникалдуу геологиялык объекттерди сактоо жана туруктуу туризмди өнүктүрүү.

Документте геопарктарды түзүүнүн, алардын иштөөсүнүн, чек араларын өзгөртүүнүн жана жоюунун укуктук негиздери аныкталып, мындай аймактарды пайдалануу жана коргоо тартиби белгиленген.

Мыйзамга ылайык, геопарк түзүү боюнча сунуштарды мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий мекемелер жана коомдук уюмдар тиешелүү илимий негиздеменин негизинде киргизе алышат.

Последние новости