www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венесуэланын болжол менен 4 млрд долларга бааланган, салмагы 31 тонна болгон алтын кору жети жыл Лондондогу Англия банкынын сактоосунда тургандан кийин АКШга өткөрүлүп, Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкына жеткирилери кабарланды. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, алтынга Венесуэланын Дельси Родригес жетектеген убактылуу өкмөтү юридикалык көзөмөл жүргүзүү укугуна ээ болот. Бирок өкмөт алтынды дароо сатып же эркин пайдалана албайт.
Анын ордуна алтын кору мамлекеттик насыяларды тартууда күрөө катары колдонулушу мүмкүн.
Венесуэланын алтын запастары акыркы жети жыл ичинде Лондондо кармалып турган. Эми алтынды пайдалануу жана ага байланыштуу операциялар АКШнын көзөмөлү жана көзөмөлдөө механизмдери аркылуу жүргүзүлөрү айтылууда.