www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны өттү.
Жыйында «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Азамжан Жалилов.
Комитеттин төрайымы Гульнара Акимбаева белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик башкарууну санариптештирүү шартында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жаран башка жооп берүү формасын талап кылбаса, электрондук кайрылууга жооп да электрондук түрдө берилүүсү каралууда.
Ошондой эле комитет «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, колдоду.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Медер Чотонов, Медина Кайрылбекова, Гүлнара Баатырова, Дастан Бекешев, Табылды Муратбеков, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Исманали Жороев, Бактыяр Калпаев, Гүлжан Сатиева, Айгүл Карабекова, Марлен Маматалиев жана Азамжан Жалилов.
Долбоор мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. Анын алкагында саясий мамлекеттик, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө түзүлүүчү жардамчылар үчүн иш стажына коюлган квалификациялык талаптарды алып салуу сунушталууда. Бул кызмат патронаттык кызматтын өзгөчө түрү болуп саналат.
Жыйында Башкы прокуратуранын өкүлү мамлекеттик кызматка кабыл алууда жана кызмат боюнча жогорулоодо бирдей мүмкүнчүлүктөр принцибин сактоо зарылдыгын белгиледи.
Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Исманали Жороев экинчи окууга карата айтылган сын-пикирлер жана сунуштар эске алынганын билдирди.
Талкуу учурунда депутат Чынгыз Ажибаев административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү тартибине байланыштуу суроолорду тактады.