www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун Байкоочу кеңешинин үчүнчү жыйыны болуп өттү.

Жыйынга агартуу министринин орун басарлары Надира Джусупбекова, Лира Самыкбаева, Альберт Махметкулов, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, башкармалыктардын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилери, жогорку окуу жайлардын жана жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун негизги маселелери каралды. Атап айтканда, катышуучулар билим берүү саясаты боюнча координатор тарабынан сунушталган долбоордун саясат матрицасынын аткарылышынын абалы (экинчи транш) тууралуу маалыматты угушту.

Долбоордун компоненттерин ишке ашыруунун жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду жана төмөнкү багыттар боюнча жыйынтыктар сунушталды:

* 7-класс үчүн «Математика» жана «Табият таануу» предметтери боюнча окуу-усулдук комплекстерди адаптациялоо жана алар боюнча сунуштар;

* заманбап мектептин талаптарына ылайык педагогикалык билим берүү системасын гармонизациялоо боюнча аракеттер, анын ичинде технологиялык чечимдер жана программалык стандарттарды жаңылоо;

* жогорку класстарда профилдик окутуунун учурдагы абалын талдоо.

Талкуунун жыйынтыгында Байкоочу кеңеш мектептик билим берүү тармагындагы реформаларды мындан ары натыйжалуу илгерилетүүгө багытталган тиешелүү чечимдерди жана сунуштарды кабыл алды.

Долбоор Агартуу министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, өлкөдөгү билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарга жетүүгө багытталган.

Последние новости