www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европанын чалгындоо жана аскердик түзүмдөрү Россия НАТОго 2029-жылга чейин эмес, андан алда канча эрте кол салышы мүмкүн деп коңгуроо кагууда. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.

Басылманын маалыматына караганда, акыркы айларда коркунучка баа берүү кескин өзгөрдү. Россия Европанын коргонуу жөндөмү толук калыптана электе эле аскерий операция башташы ыктымал деген кооптонуулар олуттуу каралып жатат.

Нидерланддын коргоо министри Рубен Брекелманс WSJге берген маегинде:

- Биздин баамыбызда, Россия бир жылдын ичинде эле НАТО чек араларына ири аскер күчтөрүн топтой алат. Алар стратегиялык камдарын көбөйтүп, чек араларга жакын аймактарда аскерий катышуусун жана курал-жарагын күчөтүп жатат, - деди.

Европалык коопсуздук боюнча аналитиктердин айтымында, Украина менен тынчтык келишими болбой турган күндө да, Москва фронттогу тактикасын өзгөртүү менен 200 миңге чейин аскерди кыска убакытта бошотуп, башка багытка жөнөтө алат.

Последние новости