www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 2023-жылдын 16-августуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 123 миң 178 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 788 бала жеңилдик менен алынды. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 66,1% түзөт. Дагы 63 миң 66 бош орун бар.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкек шаарында жалпы 20 миң 741 квота болсо, анын 17 миң 550 бала кабыл алынды;
- Жалал-Абад облусунда жалпы 36 миң 525 квота болсо, анын 23 миң 586на бала кабыл алынды;
- Чүй облусунда жалпы 30 миң 786 квота болсо, анын 19 миң 515не бала кабыл алынды;
- Ош облусунда жалпы 40 миң 434 квота болсо, анын 24 миң 7не бала кабыл алынды;
- Ысык-Көл облусунда жалпы 14 миң 900 квота болсо, анын 9 миң 140на бала кабыл алынды;
- Баткен облусунда жалпы 16 миң 835 квота болсо, анын 11 миң 738не бала кабыл алынды;
- Талас облусунда жалпы 7 миң 198 квота болсо, анын 4 миң 885не бала кабыл алынды;
- Нарын облусунда жалпы 7 миң 536 квота болсо, анын 5 миң 148не бала кабыл алынды;
- Ош шаарында жалпы 11 миң 289 квота болсо, анын 7 миң 609на бала кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости