www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Синалоа аймагынын Кулиакан шаарында банги заттар тууралуу изилдөөлөрү менен таанылган журналист Хавьер Вальдерс иштеген «Rio Doce» гезитине таандык имараттын жакындарында өлтүрүлдү. Гезит Вальдестин өлүмүн интернет сайтына берген маалыматта ырастады.
Улуттук «La Jornada» гезитинде иштеген тажрыйбалуу журналист болгон Хавьер Вальдес менен бирге Халиско штатында El Costeño de Autlán гезитинде иштеген 26 жаштагы Жонатан Родригес гезиттин төрага орун басары болгон энеси Сониа Кордова менен бирге куралдуу кол салууда өлтүрүлдү. Энеси Кордованын абалы болсо оор.
Бир тараптан да Гуерреро аймагында жети кишилик бир группа журналист кол салууга учурады. Кол салуучулар журналисттерди бир канча убакыт кармап алып унаалары жана башка каражаттарын алыр эркин койо берди.
Мексикада 2017 - жылы өлтүрүлгөн журналист саны 7ге жетти. Мексика журналисттер үчүн дүйнөнүн эң коркунучтуу өлкөлөрдүн бирөөсү.
Журналисттерди коргоо комитетинин билдиргенине караганда өлкөдө 1992 – жылдан бери эң аз 40 журналист иш учурунда каза болду.
Булак: "trt.net.tr"