www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы учурда 50дөн ашык кыргызстандык Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Дубайдан мекенине кайта албай жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Консулдук департамент коңшу өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен онлайн-жолугушуу өткөрүп, жарандардын коопсуздугун жана аэропорттордогу абалды талкуулады. Министрлик 24 саат иштеген атайын штаб түзүлгөнүн билдирди.
ТИМ Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн жарандарды сабырдуулукка чакырып, коопсуздук талаптарын так сактоону жана расмий булактарга гана ишенүүнү сунуштады. Ошондой эле БАЭ бийлиги чет элдик жарандарды мейманканаларда кошумча төлөмсүз убактылуу жайгаштырууну улантып, каттамдар токтотулганына байланыштуу туристтерди чыгарып жибербөө чечимин кабыл алганы айтылды.
Ошол эле учурда Мекке жана Медина шаарларында жүздөгөн кыргызстандыктар чартердик каттамдар токтотулган соң мекенине кайта албай жатышканын билдиришүүдө. Чартерлердин токтотулушу Ирандагы аскерий аракеттер менен түшүндүрүлүүдө. Бирок Сауд Арабиясынын аэропорттору кадимки режимде иштеп, туруктуу каттамдар аткарылып жатканы маалымдалды.
Айрым жарандар жеке туркомпаниялар туруктуу каттамдар бар экенине карабастан, кардарларын күттүрүп жатканын айтып нааразы болушууда. Алар авиакаттамдар иштеп турган шартта мекенине кайтуу укугу камсыздалышы керектигин белгилеп, мамлекеттик органдардан бул жагдайга укуктук баа берүүнү талап кылышууда.
Булак: NazarNews