www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра сапарына барган ар бир жарандын төлөмүнөн 9% комиссия кармала баштаганын билдирди.

Бул тууралуу Муфтий Абдулазиз Закиров мындай чара имамдардын маянасын туруктуу берип туруу үчүн кабыл алынганы белгиледи. 

- Бул үчүн тиешелүү органдардан уруксат алынган, мыйзамга шайкеш келтирилген. Умра зыяратына аттанган жарандардан алынуучу каражат түздөн түз имамдардын айлыгына которулат. Ушул берекелүү Рамазан айынан тарта имамдар буга чейин 8 миң сом стипендия алып келген болсо, эми 15 миң сомдон алышат. Бул да болсо Умрага барган жарандарыбыздын эсебинен болууда, - деди муфтий.

2025-жылдын март айынан бери имамдарга 8 миң сомдон акы төлөнүп келген. Өлкөдө 4 миңдей мечит бар.

Последние новости