www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Cуннит араб мамлекеттеринин башын кошкон Перс булуңунун кызматташтык кеңеши чукул жыйын өткөрүп, Ирандын соккуларынын кесепеттерин талкуулады.
Кеңештин билдирүүсүндө Иран жарандык объектилерди жана турак жай аймактарын бутага алганы айтылат. Араб мамлекеттери чабуулдарды кескин айыптап, Тегеранды суверенитетти жана эл аралык укукту бузду деп күнөөлөштү.
Уюмга мүчө өлкөлөр Иранды соккуларды токтотууга чакырып, болбосо өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн эскертишти.
Перс булуңунун кызматташтык кеңеши Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасирина тең салмак жаратыш үчүн 1981-жылы түзүлгөн. Уюмга АКШга өнөктөш болуп жүргөн Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Кувейт, Оман жана Катар кирет.