www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Франциянын президенти Еммануэль Макрон жана айрым батыштык өлкөлөрдүн лидерлеринин Москвадагы  "Крокус Сити Холл"  аттуу концерттик залга жасалган террордук кол салуунун "кылмыш өнөктөшү" жана "демөөрчүлөрү" болгонун айтты. 

Медведев 22-мартта борбор шаар  Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракт тууралуу  Telegram каналынан билдирүү жасады.

Сөз болуп жаткан террордук кыймылды жасагандардын кармалганына көңүлдөрдү бурган Медведев: «Бул шылуундар өз ишеними үчүн өлүүгө даяр диний фанаттар эмес,  аз акчага жалданып, үйрөтүлгөн киши өлтүргүчтөр», - деди.

"Кол салуунун чыныгы уюштуруучуларынын Украина жетекчилери экендигин жана азыр да террордук уюм ДЕАШтын көлөкөсүнө жашырынгандыгын" айткан Медведев Франциянын президенти Еммунэль Макрон жана айрым батыштык өлкөлөрдүн жасалган кол салуунун "кылмыш өнөктөшү" жана "демөөрчүлөрү" экендигин айтты. 

Медведев: "Бул коркунучтуу террордук чабуулдун демөөрчүсү Макрон жана башка кээ бир батыш лидерлери экени  ачык. Бул кечирилгис нерсе. Бул жерде кол тийбестиктин артында жашырынууга болбойт.  Алар эми Россиянын душмандары", - деди. 

Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралчан адамдар тарабынан теракт жасалган. Террордук кол салууда каза болгондордун саны 144кө жеткени жарыяланды. Кол салуу тууралуу ушул күнгө чейин 11 киши камалды. 

Последние новости