www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы жылдары улуттун идеологиясын катыра айткандар аз болуп, билимдүүлөрдүн баркы кетип, бакырчактар баркталып, кыйкыргандар даңкталып калганы өкүнүчтүү. Архивдик барактарды аңтарып олтуруп, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун өлкөнүн 30 жылдык тарыхын талкуулап жазганын окурмандарга сунуштоону эп көрдүк.

 

Эгемендик буйруп, келечекке жол тандаганда, өлкө жетекчилери, саясатчылар, депутаттар:

- базар экономикасын, жеке менчикти;

-батыш үлгүсүндөгү демократияны;

-мамлекет идеология жүргүзбөй, андан баш тартыш керек;

-экономика, чарба иштерин мамлекет натыйжалуу башкара албайт, өндүрүштүн баары жеке менчикте болууга тийиш- деген ишеним менен батыш өлкөлөрдүн баш мыйзам үлгүсүн көчүрүп, эми эл бакубат жашап, мамлекет кубаттуу болот деп, элге кабыл алдырды.

II

Отуз жыл ушул ишенимдер, тандалган багыт менен жашаган өлкөбүздө:

  • Отуз жолу өкмөт алмашып, 11 жолу баш мыйзам жаңыланып, айыл чарба, өнөр жай тонолуп, талкаланып, жумушсуз калган бир жарым миллион кыргыз бөлөк өлкөлөргө кеткенге аргасыз болуп, эл казынасынан отуз миллиард доллар уурдалып, коррупция бийликтин колун байлап, бутун тушап, шал кылды;
  • биринчи президент мекенибизди кемитип (Узөнгу куш, Каркыра), күнөөсү жок Аксы элин атып, Кумтөрду чет өлкөлөргө сатып (мыйзам бузуу менен Центерра түзүп), артын карабай, берген антын унутуп, качып кетти;
  • экинчи президент Кумтөрдон өз үлүшүн алып, баласын өлкө башкартып, беш миллион коюм бар детип, жөөтөргө эл казнасын карматып, 90 жигитти атып өлтүрүп, 1300 адамды майып кылып, сыртынан соттолуп, качып жүрөт;
  • өлкөнү менчик ишканасындай башкарып, талас эли абыке, көбөштүн тукуму, казахстанга кошулгула, нарындыктар малсыңар, көлдүктөр катынсыңар деп дөөрүп, кытайдан алган бир жарым миллиард доллар карызды элдин моюнуна илип, жарымына жакынын табакташтары менен уурдап, жеп, акчанын жана бийликтин күчү менен өз оордуна жөндөмсүз, билимсиз, мажирөө доосун калтырап, абакта жатат;
  • соттолгон премьер-министр, министр, депуттатардын санынан эл адашып;
  • мамлекеттик идеология жүргүзүлбөгөн үчүн кыргыз эгерим көрүп, билбеген көр талаш, сөөк талашка учурап, демократ, либерал, баптист, мунист, вахабист, салафист, эскичил, жаңычыл, батышчыл, орусчул болуп бөлүнүп, элдин башы бирикпей, күч аракети чачылып, чаржайыт болуп, Мекенибиздин ыйыктыгы, улутубуздун улуулугу унутулуп, калк кароосуз калган жетим баланы элестетип турат;
  • Үмүтү акталбаган эл өлкө абалына нааразы болуп, үч жолу президенттерди мөөнөтүнөн мурда алмаштурууга аргасыз болду, бирок өз жеңишин улам шылуун, шумпай, арам саясатчыларга алдырып келди;
  • расмий маалыматка ылайык эки жарым миллион калк жакырчылыкта жашап, Россия, Казахстандагы кыргыз мигранттар жылына эки миллиард доллар туугандарына которуп, элин багып калды;
  • эл бийликти шайлап бергенге гана керек болуп, электорат, шайлоочу денгээлине түшүп, бийликке үнү жетпей, сөзү өтпөй, өзүн да, бийликти да багып жатат;
  • бир дагы президент, министр, депутат эгерим, эч качан элге жооп беребей, каалагандай бийлик жүргүзүп, капчыгын толтуруп, байып, басып кеткени адатка айланды.

Демек, отуз жыл мурун тандалган жол өзүн актабаганы талашсыз жана толук аныкталып, жалпыга белгилүү болду.

Өлкөнүн коомдук саясий жана башкаруу түзүмү жараткандан талкалаганы көбүрөөк болду. Өткөн отуз жылдын күнгөй-тескейин калыс таразалап, адилет баалап, эски жол менен дагы артка кете беребизби, же келечекке алып барчу жол табылабы- деген суроо ар бир кыргыздын тагдырын чечкен маселеге айланып калды.

II

Кыргызстан аянты менен -198 миң км2, дүйнөнүн 105 өлкөсүнөн чоң. Израиль- 21 миң км2, эли 8 млн (Чуй областы -19 миң км2), Ливан-10,5 миң км2. Кипр-9 миң км2 (Талас областы -11 миң км2), Эстония -45 миң км2(Нарын областы-47 миң км2), Латвия-63,7 миң км2, Грузия-69,7 миң км 2 (Чуй менен Нарын областары -66 миң км2), Тайвань-36 миң км2, эли-24 млн (Жалал-Абад областы-34 миң км2) ,Түштүк Корея-99 мин км2, эли-45 млн, Кувейт-17,8 миң км2, (Баткен областы-17 мин км 2).

Отун олжо, суу кордук-дейт кыргыз. Бир жанга таза суу Кыргызстанда-13,830 м3, Кытайда -2295 м3, Индияда-2244 м3, Иранда-1719 м3, Англияда-1222м3, Египетте-939 м3, Израилде-2389 м3, Сауд Аравияда-249 м3, Кувейтте-95 м3.

Адамзаттын 70 пайызы бүгүн таза сууга жетпей калды.

Элдин сабаттуулугу боюнча: Кыргызстан -14 орунда, АКШ-19, Россия-22, Франция-29, Жапония-31, Англия-38, Малазия-94, Турция-100, Кытай-102 орунда.

Демек, экономиканы өстүрүп, эл турмушун көтөрүүдө маселе жок деп кесе айтсак болот.

III

Бир жарым миллион жаңы жумуш орун түзүп, мигранттарды мекенибизге кайтарып, жылына 10 миллиард доллар киреше табуу жолу.

Отуз жыл бою балдарыбызды окутуп, билим берип, нечен миллиард сом каражат бөлүп, бойго жетип, күчүнө толуп, элине кызмат кылаарда өлкөбүзгө керегиңер жок, Россия, Казахстанга кете бергиле-деген саясат кыргыз элине кыянатчылык, мамлекеттин келечегине балта чабуу, улут алдында кылмышка тете.

Жеке менчик кубаттуу, толук көз карандысыз мамлекеттин экономикасын куруп бере албаганын тарыхтан жана дүйнөдө эң өнүккөн 20 мамлекеттин тажрыйбасынан көрүп олтурабыз.

Бул мамлеткеттер ички соода тармагына сырттан товар киргизбейт жана өз элин жумуш менен камсызкылуу максатында сырттан келген мигранттарды катуу көзөмөлдөп, чектеп турат.

“Шоро” компаниясын Казахстан, Кытай киргизбей көйгөнү буга далил. Алар сапаттуу сүт, өздөрүндө өспөгөң мөмө-жемишти гана алышат.

Мигранттарды өлкөбүзгө кайра алып келүү  үчүн бир жарым миллион жаңы жумуш орун жеке менчик да, инвесторлор да түзүп бере албайт.

Демек, айтылган эки меселени мамлекет гана чече алат. Ушул максатта, сегиз мамлекеттик концерн түзүү зарыл.

Биринчи. Булак сууларын тундуруп, идишке куюп, күнүнө 24 саат иштеген биринчи жылы 500, экинчи жылы-1000, үчүнчү жылы-2000, төртүнчү жылы-4000 линия куруп, жүз жыйырма миң жаңы жумуш орун ачып, жылына бир жарым, үч миллиард доллар пайда тапса болот.

Экинчи. Балыкчыдан Долинкага чейин, Баткен областында тамчылап сугарып кулпунай, абрикос, карагат, жүзүм, малина өстүрүп, беш жылда 600-800 миң гектарга жеткизип, 400 миң жаңы жумуш орун ачып, жылына 3-5 миллирад. доллар пайда алса болот.

Үчүнчү. Иссык-Көл, Соң–Көл, баардык суу сактагычтарда ак балык өстүрүп, жарымын ыштап сатып, 150 миң жаңы жумуш орун ачып, жылына 2-2,5 миллиард доллар пайда тапса болот.

Бул тармакта: күзөтчүлөр, балык багып, кармап, ыштагандар, илимпоздор, логистика, маркетинг, реклама, транснпорт-баары биригип 200 миң жумуш орун камсыз кылса болот.

Төртүнчү. Кол  өнөрчүлүк концерн жүн, тери, сөөк, таш, чий иштетип, сувенир чыгарып, кыш мезгилинде 150 миң , жайында 70-80 миң адамды жумуш менен камсыз кылса болот.

Бешинчи. Дары чөптөрдү чогултуп, кургатып, майда пакеттеп, сатуу концерни. Дары чөптөрдүн түрлөрүн, аянттарын изилдеп, илимий негизде чогултуп, аянттарын коргоп, кеңейтип, логистика, реклама, маркетинг менен 35-50 миң адамды жумуш менен камсыз кылса болот.

Алтынчы. Токой аянттарын жылына 300-500 миң гектарга көбөйтүп, 5-6 миллионго жеткизип, жыгач иштетүү концерни (эмерек, курулуш жана башка буюмдарды чыгаруу) 70 миңден-150 миң адамды жумуш менен камсыз кылса болот.

Жетинчи. Табигый таза, премиум класстагы азык-түлүк өндүрүү, табигый жер семирткичтерди чыгаруу, химия заттардан (гербицид, пестицид ж.б.) толук баш тартуу.

Сегизинчи.  Тышкы жана ички саякат концерни, саякаттын баардык түрлөрүн жөнгө салуу, инфраструктураны, логистика, реклама, маркетингин чечип, жылына өлкөгө эки миллиондон 6-8 миллионго чейин сырттан келген саякатчылардын санын жеткизү. Бул концерн жалпысынан үч жуз миң кишини жумуш менен камсыз кылса болот.

(Синцзянь-уйгур автоном районунун калкы 21 млн. адам. Жылына келип кеткен саякатчылардын саны 18 млн.)

IV

Өлкөбүздүн саясий-коомдук жана башкаруу түзүмү жаңы багытка төп келгенде өзгөрүлбөсө бул концерндер ийгилик жарата алат.

Жаңы түзүмүн аныктоодо кайсы билимге, окууга, кимдин тажрыйбасы , үлгүсүнө таянуу керек: Маркс, Ленин, Сталиндин билимине таянган СССР 80 жылга жетпей кыйрады.

Капитализм кийинки эки кылым убакытта дүйнө диндерин жеңип, алсыз кылып, таасирин жокко чыгарды.  Коронавирус апааты адамзаттын эсин оодарып, шайын кетирип, дүйнө өлкөлөрүндө орун  алган башкаруу түзүмдүн баары мезгил талабына жооп бербей алсыз жана жараксыз экенин ачыкка чыгарды.

 Мындай абалда өлкө келечегине жол издөөдө дагы отуз жыл текке кетирбей, алты миң жыл тарыхый жол баскан бабаларыбыздын тажрыйбасына таянып, үлгү алсак болбойбу?

Манас бабабыздын атын Непал, Индия, Тибет, Кытай, Кавказ, Алтай, Борбордук Азиянын даңазалуу дарыя, көл, чокуларына кыргыз байыркы заманда эле койгон, бирок бүгүн ар бөлөк динди карманган түркүн элдер ал жерлерди ыйык тутуп, сыйынганы бекер эместир!?!

Бийлик жаратканда, андан кийин элде! Адилет болбой эл жарыбайт: эл байлыгы –адилет, таянычы-калыстык, келечеги-акыйкат! Кан бийлигинен нарк күчтү! Эл бир болсо, бийлик тим болот. Атабыз-нур, энебиз-жер, каныбыз-суу, жаныбыз-аба. Эркек-сел, аял –көл! Эркектин билеги, аялдын тилеги күчтүү. Аял-үйдүн шам чырагы, тилеги, эркек-үйдүн күч кубаты, тиреги.

Иттин ээси болсо, бөрүнүн теңири бар. Жерге, сууга кесир кылсаң, Теңирим кырсыктап коет. Теңирим теңдикти жалгайт. Элде болсо тең болсун, тен болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет. Арам жукпайт. Уйгө каргыш алып келбе. Кан тукум кууйт. Пейилиң оңолмоюн, ишиң онолбойт. Бата менен эл көгөрөт. Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү.

Бул акыл, насаатты бабаларыбыз байыркы замандарда эле таап, аларга таянып, коло доорунан бери жок болуп кетпей, дүйнө элдеринин алдыңкы катарында жүрүп, Манас эпосун жаратып, бизге бейиштин төрүндөй керемет Мекен мурастаган экен!

Мекенибиздин жер байлыгы, суу байлыгы, табигый шарты дүйнө элдерди суктандырып турса, элибиздин рухий казнасы: ыйман, адеп, наркы, салты, сабаттуулугу бөлөк элдерге үлгү болуп турса, байыркы, даанышман бабаларыбыздын бактылуу жолу кан-жаныбызда уюп турса, кыргыз муктажбы улуу жолдон адашып, баптист, мунист, вахабист, салафист, либерал, консерватор, интернационалист, космополит, капиталист ж.б. болуп, 275 саясий партия түзүп, бөлүнүп, жарылып, чачылып, карызга жашаган байкуш, бечара, бечел эл болууга, албетте , муктаж эмес!!!

Келечек Кыргызстанга бабаларыбыздын байсалдуу жолу  куттуу болсун!!!

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер

Булак: NazarNews

 

 

 

 

 

9.09.2021 ж.                                                             Сарыгулов Д.И.

 

Последние новости