www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык бизнес журналы Forbes тарабынан 38-ирет жарыяланган Миллиардерлердин тизмеси дүйнө жүзү боюнча миллиардерлердин саны жана алардын байлыгынын көбөйгөнүн көрсөттү. Бул тууралуу бир нече күн мурун трт.нет жазып чыкты. 

Буга ылайык миллиардерлердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 141 кишиге көбөйүү менен 2 миң 781ге жетип рекорд жаңыртты.

Миллиардерлердин жалпы байлыгы да 2 триллион долларга өсүп 14,2 триллион долларга жетти.

Люкс товарлар гиганты LVMHнин башкы директору Бернар Арно 233 миллиард доллар байлыгы менен экинчи жолу дүйнөнүн эң бай адамы катары тизменин башына чыкты.

Louis Vuitton, Tiffany & Co, Christian Dior жана Sephora сыяктуу бренддердин ээси болгон компаниянын жетекчиси Арнонун байлыгы өткөн жылга салыштырмалуу 22 миллиард долларга көбөйдү.

Тизмеде экинчи орунду 195 миллиард доллар байлыгы менен Tesla жана SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск ээлесе, америкалык электрондук соода гиганты Амазондун негиздөөчүсү Жефф Безос 194 миллиард доллар байлыгы менен үчүнчү орунду алды. 

Эң көп миллиардер жашаган өлкө 813 киши менен АКШ, экинчи орунда 473 миллиардер менен Кытай жана 200 миллиардер менен Индия турат.

OpenAI компаниясынын башкы директору жана ChatGPT жасалма интеллект чат-ботун иштеп чыккан Сэм Алтман дагы миллиардерлерге кошулду.

Быйыл Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине Түркиядан 27 ысым кирди.

5,1 миллиард доллар байлыгы менен Түркиянын эң бай адамы катары Йылдыз Холдинг Башкармалыгынын мүчөсү Мурат Үлкер көрсөтүлдү.

Түрк миллиардерлеринин жалпы байлыгы болжол менен 56,1 миллиард доллар деп эсептелди.

Последние новости