www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-июлда Стамбулда Россия-Украинанын тынчтыкка келүү боюнча сүйлөшүүлөрү өттү. РФ делегациясынын башчысы Владимир Мединский анын жыйынтыгын чыгарды.

Андагы маанилүү учурлар:

Россия Украинага онлайн-форматта иш алып бара турган үч жумушчу топ түзүүнү сунуштады;

украин тарап Россиянын жумушчу топтор боюнча сунушун карап чыгууга чечим кабыл алды;

сүйлөшүүдө меморандумда айтылган позициялар талкууланды, бирок ал позициялар бири-биринен бир топ алыс;

Россия-Украина лидерлеринин жолугушуусу үчүн макулдашуунун шарттарын иштеп чыгып, эмне талкуулана турганын так билиши керек. Бул жолугушуу баарына чекит койгудай болушу шарт;

Россия Украинага кеминде ар тараптан 1200дөн аскер туткунун алмашууну сунуш кылды;

жарадарлар менен аскерлердин сөөгүн алып чыгып кетиш үчүн Киевге 24-48 сааттык жарашууну жарыялоо сунушу айтылды;

Россия Киевге украин аскерлеринин дагы 3 миңдей сөөгүн өткөрүп берүүнү сунуш кылды;

Россия буга чейин болуп өткөн сүйлөшүүлөрдө украин балдардын тапшырылган тизмеси боюнча иштерди аягына чыгарды. Алар берген тизмедеги көп балдар Россиянын аймагында эч качан болгон эмес;

Россия менен Украина ортосундагы экинчи сүйлөшүүдөгү бардык гуманитардык макулдашуулар аткарылды. Россия сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү этабы болот деп ишенет.

Сүйлөшүүлөргө Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Башкы штабдын башкы башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков жана тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин катышып, аларга Россиянын эксперттеринин тобу да кошулду.

Ал эми украин делегациясын Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жетектеди. Сүйлөшүүгө Чалгын кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана Зеленскийдин администрациясынын өкүлдөрү кирди.

Тараптар буга чейин соңку сүйлөшүүлөрдү май, июнда жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен эки жак туткундарды алмашып жана Киев украиналык аскерлердин сөөгүн өткөрүп алган.

Последние новости