www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясы менен Украинанын лидерлеринин жолугушуусу үчүн алгач жөнгө салуу боюнча келишимдин шарттарын иштеп чыгып, бул жолугушууда эмнени талкуулоо керектигин түшүнүү керек, деп билдирди орусиялык сүйлөшүү тобунун башчысы, РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский.

23-июлда Стамбулда орусиялык жана украиналык делегациялар сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын өткөрдү. Алардын жыйынтыгы боюнча Мединский маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Жолугушууда орус президентинин жардамчысы эки өлкөнүнүн президенттеринин жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берди.

"Мындай жолугушуу болушу үчүн алгач келишимдин шарттарын иштеп чыгып, бул жолугушууда эмнени талкуулоо керектигин түшүнүү керек. Бирок, чындыгында, бул жолугушууда келишимди талкуулоо эмес, чекит коюу, кол коюу керек, түшүнүп жатасыңарбы?", - деди Мединский.

Последние новости