www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапардын маданий программасынын алкагында 23-июлда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты.

“Рух-Ордонун" кире беришинен жогорку даражалуу конокторду маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тосуп алып, кыскача экскурсия өткөрдү. Ал лидерлерди кыргыз элинин салттуу жашоо мүнөзүнүн элементтери чагылдырылган "Кыргыз айылы" этнокомплекси менен тааныштырды.

Мындан тышкары, гид мамлекет башчыларына Ысык-Көл жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин түзүлүү тарыхы тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын соңунда ардактуу коноктор улуттук музыкалык аспаптын формасында жасалган пирсти көрүп чыгышты. Ошол жерде эле сый көрсөтүү иретинде президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухка комуз белекке берди.

Последние новости