www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Албания Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Блерта Кадзадеждин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Тараптар аталган багыттар боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришип, ага мазмундуу жана динамикалуу мүнөз берүү ниетин ырасташты.
Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошумча дем бере турган алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Министрдин орун басары М. Абакиров албан дипломатын кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандагы жооптуу дипломатиялык миссиясын ийгиликтүү аткаруусун каалады.