www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин учурдагы абалына токтолушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан узак жылдарды камтыган кыргыз-беларусь кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: «Эки өлкө башчыларынын саясий эркинин аркасында мамлекеттер аралык байланыш жаңы деңгээлге көтөрүлүп, күн сайын алдыга жылууда. Эми калыптанган кызматташтыкты парламенттер аралык алакалар менен улантышыбыз керек. Анткени, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң», – деди.

Муну менен катар 2023-жылы эки өлкөнүн парламенттери ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган макулдашууга кол коюлганын эске салган Төрага: «Андыктан, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү активдештирип, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз иш алып баруубуз кажет. Ошондой эле өнөктөш өлкө катары мыйзам чыгаруу жаатында да тажрыйба алмашууну сунуштап, КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз кызматташууга чакырам», – деди. 

Андан тышкары, экономикалык жаатта да алгылыктуу иштер жасалып, товар жүгүртүүнүн көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 154,4%га өскөнүн белгилеген Марлен Маматалиев бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, соода байланышын дагы чыңдоо зарыл экенине токтолду. 

Ошону менен катар саламаттыкты сактоо тармагында да биргелешип иш алып баруу учур талабы экенин айткан Төрага Беларусь мамлекети КМШ өлкөлөрүнүн ичинен медициналык кызматтарды көрсөтүүдө, айрыкча онкологиялык ооруларды дарылоо жана органдарды трансплантациялоо багытында алдыңкы орунда турарын жүйө келтирди. 

«Кыргызстандагы онкология жана трансплантация боюнча көйгөйлөрдү эске алуу менен, оор абалдагы жарандарды акысыз дарылоо үчүн квоталарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм», – деди Төрага.  

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Мындан сырткары Беларусь мамлекети да Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө басым жасарын жана эки тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеген Игорь Сергеенко соода экономикалык байланыштарды кеңейтүү менен биргелешкен өндүрүштүк жайларды ачуу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү. 

Ошондой эле эки өлкө ортосунда визалык талаптарды жеңилдетүүгө жана миграциялык шарттарды жакшыртууга багытталган келишимдер Беларусь парламенти тарабынан жакында эле ратификацияланганын эске салган Игорь Сергеенко да кызматташтыкты арттырууда парламенттердин ролу чоң экенине токтолду. 

Баарлашууда тараптар туризм жаатында тыгыз иш алып барып, жарандар ортосундагы каттамды кеңейтүү демилгелерин көтөрүштү. 

Эске салсак,  ЖККУ ПАнын жыйындарынын алкагында депутат Улукбек Узакбаев Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Алишер Козуев социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төраганын орун басары болуп дайындалды.

 

Последние новости