www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түп жана Ысык-Көл райондоруна барып, көл түбүн жана жээгин тазалоо акцияларына катышты.
Алгач Төрага Жогорку Кеңештин жана Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары, ошондой эле жаштар менен бирге Ысык-Көлдүн жээгин тазалашты.
Андан соң суу астына түшүп, көлдүн флорасы жана фаунасы үчүн коркунуч жараткан түбүндөгү таштандыларды алып чыгышты.
Ысык-Көл уникалдуу табигый мурас экенин белгилеген Төрага Марлен Маматалиев: “Тилекке каршы, акыркы мезгилде көлдүн жээгинде эле эмес, астында да таштандылар, айрыкча мыйзамсыз салынган синтетикалык балык уулоочу торлор көбөйүп, олуттуу зыян келтирүүдө. Бул сыртынан көрүнбөгөнү менен көлдөгү биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына, балыктардын кырылышына жана экологиялык тең салмактуулуктун бузулушуна алып келери бышык. Буга бүгүн да өзүбүз күбө болуп, көптөгөн таштандыларды, синтетикалык торлорду чыгардык”, – деди.
Ошону менен катар өлкө башчысы атайын Жарлык чыгарып, үч жылдан бери аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан Төрага: “Президентибиз Ысык-Көлгө аяр мамиле кылууга ар дайым чакырып келет. Анткени абал абдан кооптуу. Алсак, көлүбүздүн алдынан 6 миң чакырымга жеткен браконьерлик тор чыгарылган. Бул Каракол шаарына 15 жолу барып келгенге барабар. Тилекке каршы азыр да мындай жосунсуз жорук токтой элек. Ошондуктан, бүгүн тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарып жатабыз. Анда көлгө тор салып, мыйзамсыз иштерди жүргүзгөндөргө карата жаза чараларын күчөтүү сунушу камтылат. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса айып пулдардын көлөмү көбөйтүлүп, көлгө тор салгандардын өздөрүн да мындан ары темир тор күтөт”, – деди.
Андан тышкары, бүгүнкү акциянын максаты Ысык-Көлдү тазалоо менен экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алууну көздөй тургандыгын айткан Төрага жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырып: “Ысык-Көлдү таза сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү жалпыбыздын милдетибиз. Өз жерин, өз элин сүйгөн адам мындай кыянатчылыкка барбашы керек”, – деди.
Ал эми акцияга катышкан депутат Адилет Белеков тазалыкка кам көрүүдө ар бир жаран өзүнөн башташы керектигин айтса, депутат Улан Сариев экологиялык көйгөй көлдүн жээгинде эле эмес, түбүндө да арбын экенине токтолуп, мындай өнөктүктү улантуу зарыл экенин кошумчалады.
Депутат Темирлан Айтиев өлкөдөгү туризмдин жүрөгү болгон Ысык-Көлдүн жаратылышын коргоо келечекке жасалган салым экенин белгилесе, Төраганын орун басары Болот Ибрагимов тазалоо менен гана чектелбей, алдын алуу ишине артыкчылык берүү керектигин билдирди. Депутат Токтобүбү Ашымбаева болсо жасалган акция жалпы коомчулукка берилген чакырык экенин айтып, мекенибиздин тазалыгына баарыбыз кам көрөлү деген пикирин ортого салды.
Эскерте кетсек, Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын суу объекттерин коргоону күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн коомдук талкууга коюлду.