www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башында камалган мамлекеттик кызматкер Жарасул Абдураимов кечээ 7-октябрда каза тапкан. Бир тууган агасы професор, Каныбек Осмоналиев агасы Жарасул Абдураимовдун коштошуу зыйнаты эртең, 8-октябрда саат 10:00дө Байтик Баатыр көчөсү, 17/1 дарегинде, Октябрь райондук администрациясынын имаратынын артында уюштурулганын билдирди.

Эске сала кетсек, Каныбек Осмоналиев бир тууган агасы төртүнчү стадиядагы боор рагынан жабыркап, абалы оор экенин бир нече ирет жолу жазып чыккан.

Эске сала кетсек, “Кыргызиндустрия” ишканасынын мурдагы жетекчиси Абдураимовго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна түшкөн. 

65 жаштагы Жарасул Абдураимов Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы завод, “Дастан” сыяктуу бир топ ишканаларда жетекчилик кызматтарда жүргөн. Кыргызалтын ачык акционердик коомунун башкаруучу кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары болуп кызмат кылган. Кумтөр Голд Компани ишканасында жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү бөлүмүнүн директорунун орун басары болгон. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Кристалл мамлекеттик ачык акционердик коомунун генералдык директору болуп иштеген. Жанар ачык акционердик коомунун президенти болуп эмгектенген. ТНК Дастан ачык акционердик коомунун президенти болгон. Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арналган приборлорду куруу заводуна директор, Кыргызстандагы Дастан бизнес жана маданий кызматташтык ассоциациясынын президенти болуп эмгектенген. Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арналган приборлорду куруу заводунда партия комитетинин катчысынын орун басары болгон. ФГК ЛКСМ КССРнин жумушчу жаштар жана илимий-техникалык чыгармачылык бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арналган приборлорду куруу заводунун 7-цехинин башкы мастери болуп эмгектенген. Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арналган приборлорду куруу заводунун атайын конструктордук бюросунда инженер-конструктор болгон. ДЭУ №26да ар түрдүү жумушчу катары иштеген.

Жарасул Абдураимов Урал политехникалык институтунда электрондук техниканын инженер-механиги адистигин окуган.

Последние новости