www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШга 1 триллион доллар инвестиция салууну сунуштап, бирок мунун ордуна акыркы он жылда улуттук коопсуздукка байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алып салууну талап кылды. Бул тууралуу Fox Businessка таянып Некст ТВ маалымдады.

Мадридде өткөн сентябрдагы сүйлөшүүлөрдө тараптар TikTokтун АКШда ишин улантуу жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселесин талкуулашкан. АКШнын соода өкүлү Джеймисон Грирдин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы — Кытай компаниялары үчүн “АКШдагы иш шарттарын жеңилдетүү” болгон.

Кытай делегациясынын мүчөсү Ли Чэнган “Вашингтон Кытай менен тоскоолдуктарды азайтуу жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында биргелешип иштөөгө даяр экенин” билдирди.

Бир нече күндөн кийин болгон телефон сүйлөшүүсүндө Кытай лидери Си Цзиньпин Трампка “Кытай инвестициясына шарт түзүү — эки тарап үчүн тең пайдалуу кадам болот” деп белгилеген.

Последние новости