www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани өлтүрүлгөндөн кийин, анын ордуна ким дайындалары талкууланууда.

Чет элдик ЖМКлар Ирандагы булактарга таянып, бул кызматка Саид Жалили дайындалышы мүмкүн экенин жазышты.

Саид Жалили радикалдуу консервативдүү “Джабхат-и Пайдари” партиясын жетектейт. Ал буга чейин Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы болуп иштеген. Учурда ал Жогорку лидердин аталган кеңештеги өкүлү болуп саналат жана бул кызматка аны маркум аятолла Али Хаменеи дайындаган.

Жалили акыркы президенттик шайлоонун экинчи турунда Масуд Пезешкиан менен атаандашкан. Шайлоодо Пезешкиан 16 384 403 добуш алса, Жалили 13 538 179 добуш алган. Ошондой эле, ал Ирандын ядролук сүйлөшүүлөр боюнча тобун жетектеген.

Айрым маалыматтарга ылайык, Саид Жалилинин энеси тараптан азербайжан теги бар. Анын апасы Ардебиль аймагынан экени айтылат.

Жалили Иран-Ирак согушуна катышып, «Кербела-5» операциясында жаракат алып, бир бутун жоготкон.

Последние новости