www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда коомдук жайда адепсиз жүрүм-турум көрсөткөн блогер тартылган видео тасма тараган.

Бул факты боюнча Манас шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, видеодогу жаран А.М. экендиги аныкталды. Аталган окуя боюнча укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык материалдар топтолуп, сотко жөнөтүлгөн.

Топтолгон материалдардын негизинде Манас шаардык соту А.М. аттуу жаранга карата 3 суткага камакка алуу түрүндөгү жаза чарасын колдонду.

Мындан тышкары, А.М. өзүнүн жасаган аракетине өкүнөрүн билдирип, коомчулуктан кечирим сурады.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого, коомдук тартипти бузбоого жана мыйзам талаптарын так аткарууга чакырат.

Последние новости