www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиялар индексацияланат. Натыйжада пенсиянын орточо көлөмү 12 898 сомго жетип, орточо өсүш 1 753 сомду түзөт.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе 21-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешмеде каралды.

Жыйында пенсияларды өз убагында төлөөнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү даярдык иштерин аяктоо тапшырылды.
Мындан тышкары, кеңешмеде калкты жумуш менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Бош жумуш орундарын издөөгө мүмкүнчүлүк берген Jumush.gov жана Find-ish платформалары иштеп жатканы белгиленди.

Ошондой эле аймактарда өлгөн жаныбарларды көмүүгө жана зыянсыздандырууга арналган Беккари чуңкурларынын абалын текшерип, алардын санитардык жана техникалык абалын жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Последние новости