www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистан менен Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан Памир аймагында кыргыздар байыртан бери жашап келет. Бул аймак деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан.
Памирдин Кичи жана Чоң Памир аймактарында учурда 1 300гө жакын этникалык кыргыз жашары тууралуу маалымат бар.
Бул аймактагы климаттын катаалдыгы менен айырмаланат. Жай мезгилинде да аба ырайы суук болуп, бийик тоолордо кар жана үшүк кездешет. Памирлик кыргыздар ушундай шартта мал чарбачылыгы менен алектенип, салттуу жашоо образын сактап келишет.
Памирлик кыргыз Abdulwakil Pamiri социалдык тармактагы билдирүүсүндө кыргыз бийлигине кайрылып, памирлик кыргыздардын «куржун толо кат-саламы» бар экенин жазган.
Памирдеги кыргыздардын саны боюнча ар кайсы жылдары ар кандай маалыматтар айтылып келген. Мисалы, 2016-жылы Кыргызстандын өкмөтү Памирде 2 миңге жакын кыргыз жашарын билдирген. Кийинки маалыматтарда алардын саны болжол менен 1 300 адам экени көрсөтүлүүдө.
Памирлик кыргыздардын жашоо шарттары, алардын Кыргызстан менен байланышы жана мекенге көчүп келүү маселеси мезгил-мезгили менен коомдук талкууга чыгып келет.
Памир — Кыргызстандан миңдеген чакырым алыста болгону менен, ал жерде жашаган кыргыздар улуттук тилин, салтын жана маданий мурасын сактап келе жаткан боордошторубуз.