www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Сауд Арабиясына 48 F-35 истребителин сатуу боюнча келишимди жактырды. Бүтүмдүн баасы болжол менен 24 миллиард долларды түзөт.

Келишим Израилде жана АКШ Конгрессинде тынчсыздануу жаратууда. Сынчылар Сауд Арабиясы АКШнын аскердик технологияларын Кытай менен бөлүшүп коюшу мүмкүн деген кооптонуусун билдиришти.

АКШ Мамлекеттик департаменти болсо келишим Сауд Арабиясынын коопсуздугун бекемдеп, аймактагы туруктуулукка салым кошот деп эсептейт.

Последние новости