www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарынын жаңы мэри Абдупата Маткаликов калаада хандык башкаруу болбой турганын, жасап жаткан ишин жарнамалоону жактырбастыгын айтып, пиарды арам деди.
- Пиар кылбайм. Пиар – бул арам. Эч качан бирөөнү алдабаш керек. Колуңдан келсе жардам бер, келбесе убада бербе, - деп айтты.
Ошондой эле ал өз сөзүндө мэр болуп келгенден бери буга дейре бизнесин, мүлкүн тарттырып жиберген ишкерлердин маселелери менен алектенип жатканын билдирди.
- Бир да адамдын укугу бузулбашы керек. Мэрдин милдети элди жумуш менен камсыз кылуу. Чоң-чоң имараттарды кургандан көрө беш миң, он миң адам иштей турган фабрикаларды курган туура. Эл тентип жүрөт, бизге кооз имараттардан көрө жумуш орундары керек, - деп белгиледи.
Белгилей кетсек, Маткаликов 20-февралда мэр болуп келген. Ал кызматынан кеткен Эрнисбек Ормоковдун ордуна дайындалган. Ормоков Камчыбек Ташиевдин жакын делген тарапташранын бири катары таанымал. Ал буга дейре “Ташиев сабап койсо дагы ыраазыбыз” деген билдирүүсү аркылуу коомдун көңүлүн бурган.