www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда бөбөк чоң энеси тарабынан сабалган эмес - ИИМ

Социалдык тармактарда чоң энеси тарабынан сабалды делген бала тууралуу маалымат текшерилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балага физикалык зомбулук чоң энеси тарабынан жасалбагандыгы аныкталды.

"Маалымат текшерилди, баланын өзүнөн эки-үч жаш улуу бир тууган агасы менен телефон талашып, агасы тарабынан болгондугу аныкталды",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Аксы районунун Кызы-Жар айылында 2022-жылы туулган бөбөктүн бети-башы көгала болгон сүрөтү интернет желесинде тарап, ал чоң энеси тарабынан сабалды делген маалымат тарап жаткан.

Аталган үй-бүлөгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча министрлиги да көңүлүн буруп, балдардын камкордугун текшерүүгө ала баштады.

Последние новости