www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Манас шаарында селден жабыркаган жаранга ири көлөмдөгү камсыздандыруу төлөмүн тапшырды.
Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган турак жай боюнча атайын баалоо иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев жабыркаган жаранга 1 миллион сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу төлөмүн расмий түрдө тапшырды.
Учурда өлкө аймагында табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүү иштери улантылууда.