www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Манас шаарында массалык мушташка катышкандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-ноябрга караган түнү саат 01:00 чамасында шаардын Спутник кичи районунда 15-20 киши бири-бирине таш ыргытып, урушуп жатканы тууралуу кабар түшкөн.
Аталган окуяда жараат алган 22 жаштагы Э.Б аттуу жаран Сузак райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Милициянын билдиришинче, факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, "Бейбаштык" беренесинин негизинде иш козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү катарында Манас шаарынын 22-23 жаштагы 11 тургуну аныкталып, кармалды.
Учурда тергөө жүрүп жатат. Азырынча мушташтын себептери айтыла элек.