www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаары – жаңы макам, жаңы багыт, жаңы борборбу?

Манас шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары шаарды облустук макамдан республикалык деңгээлге көтөрүү сунушун колдошту. Бул чечим жөн гана административдик кадам эмес, өлкөнүн саясий картасында жаңы баскычка чыгуу аракети катары бааланууда.

Эсиңиздерде болсо, болгону бир ай мурун бул шаар Жалал-Абад деп аталып турган. Бирок мэр Эрнисбек Ормоковдун сунушу, парламенттин жана президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен шаардын аталышы “Манас” болуп өзгөргөн. Манас ысымы кыргыздын улуттук символу, биримдиктин жана эркиндиктин белгиси. Эми болсо ошол символикалык ысым мамлекеттик деңгээлдеги жаңы статус менен коштолууда.

Дал ушул жерден көңүл буруп, баса белгилей кетчү жагдай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакында эле “Манас шаары келечекте борбор болуп калышы мүмкүн” деп айткан сөзү коомчулуктун көңүлүн борборунда турат. Ал өз сөзүндө: “Эмне үчүн болбосун? Биз ошого татыктуу болсок, борбор болот, Кудай кааласа”, -деп билдирген.

Бул сөз жөн гана эмоциялуу билдирүү эмес, мамлекеттик стратегиянын ишараты болушу мүмкүн. Борборду көчүрүү маселеси расмий түрдө көтөрүлө элек, бирок инфраструктуралык жана саясий кадамдар бул багытта жүрүп жаткандай. Акыркы жылдары Манаста ири курулуштар, турак жай программалары, жаңы стадион жана администрациялык имараттар пайда болду. Президент Жапаров да быйыл Эгемендик күнүн дал ушул жерде белгилегени бекеринен эмес.

Арийне, экономикалык, саясий жана маданий борборлор негизинен Бишкек менен Ошко топтолгон. Манас шаарынын республикалык макамы бул тең салмактуулукту калыбына келтирүүгө багытталган кадам катары да чечмелениши мүмкүн. Эгер демилге ишке ашса, өлкөдө үчүнчү борбордук шаар пайда болот. 

Бирок коомдо ар түрдүү пикирлер бар. Айрымдар бул өзгөрүүнү саясий символизм катары гана көрүшсө, башкалары чыныгы экономикалык реформаларсыз макам өзгөртүү жөн гана формалдуулук болуп каларын белгилешет. Андыктан жаңы макам жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келиши керек. Ошентсе дагы Манас шаарынын макамын жогорулатуу жөн гана административдик чечим эмес, мамлекеттик саясаттын жаңы багытын билдирген окуя десек жарашат.

Последние новости