www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону талкуулашты.
Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын Президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Саида Мирзиёева кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Садыр Жапаровго Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.
Өзбекстан Президентинин Администрациясынын Жетекчиси өз ара сый-урматка жана коңшулаштыкка негизделген мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, бул процесстеги эки өлкөнүн лидерлеринин маанилүү ролун белгиледи.
Саида Мирзиёева жаштар саясатын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин эле командалык духтун жана эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда достук мамилелерди орнотуунун символу болуп калган Бишкекте өткөрүлө турган «Заковат» интеллектуалдык оюну жөнүндө айтып берди.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёевага жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.