www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-июлда педагогика илимдеринин доктору, экс-депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жанкороз Каниметов 70 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы билдирди.

Азырынча Жанкороз Каниметов өлүмүнүн себеби кабарлана элек.

Жанкороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган. Ал Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун жана Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Эмгек жолун Ысык-Көл облусунда мектеп директорлугунан баштап, билим берүү тармагындагы жогорку кызматтарды аркалаган. 2007-жылы Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп эмгектенген.

Жангороз Каниметов 1995-жылдан тарта Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышында депутат болгон. «Мугалимдин статусу жөнүндөгү», «Билим берүү жөнүндөгү», «Жалпы орто билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдардын автору. «Даңк» медалынын ээси, "Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими" мамлекеттик наамы ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости