www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Тажикстандын Улуттук гвардиясына чалгындоочу дрондорду берди

 

АКШ октябрь айынын башында Тажикстандын Улуттук гвардиясына чалгындоочу учкучсуз учуучу аппараттарды тапшырды.

Иш-чарага АКШнын Тажикстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жоэл Ортез жана Улуттук гвардиянын Башкы штабынын жетекчиси Бахриддин Азаматзода катышты.

Маалыматка ылайык, Вашингтон 1992-жылдан бери Тажикстандын коопсуздук тармагына 600 миллион доллардан ашык жардам көрсөткөн. АКШ дрондорду чек арадагы кылмыштуулукка жана Ооганстандан келип чыгышы мүмкүн болгон террордук коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн бергенин билдирүүдө.

Эксперттер бул кадамды АКШнын Борбор Азиядагы саясий жана стратегиялык таасирин кеңейтүү аракеттери менен да байланыштырышууда.

Последние новости