www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиялык актёр, модель жана продюсер Сону Суд коронавирус пандемиясынан улам Кырызстандан кете албай калган 4 миңге жакын индиялык студенттерди алып кетүүгө убада берди. Бул тууралуу ал өзүнүн  социалдык тармактагы жеке баракчасынан билдиргенин чет элдик басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, студенттер өкмөткө кайрылып, белгилүү инсандарга социалдык тармак аркылуу Кыргызстандан алып кетүүнү суранып кат жазышкан. Социалдык тармакта алардын өтүнүчүнө жооп берген Болливуд жылдызы Сону Суд жакын арада мекендештерин мекенине кайтарып берем деп убада берген.

"Үйгө кайта турган убакыт келди, бардыгын үйгө кайтаралы. Мен сиздерден дуба кылууну суранам. Бул кудайымдын жардамы менен жакында ишке ашат. Менин кийинки максатым", - деп жазган ал студенттердин өтүнүчтөрүнө жооп берип.

Кыргызстанда Индиядан келген 4 миңден ашык студент коронавирус пандемиясынан улам мекенине кайта албай калышкан. Көпчүлүгү чек ара жабылганга чейин үйүнө кайтууга үлгүрүшкөн эмес. Студенттер Кыргыз өлкөсүндө жашоо үчүн акча каражаты жок калгандыгын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости