www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик «Элдик банк» «Beeline» бренди менен белгилүү «Скай мобайл» операторунун 100% акциясын сатып алганын кабарлады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Элдик Банк» ААКсы Beeline Кыргызстан бренди менен иштеген «Скай Мобайл» компаниясынын 100% акциясын сатып алуу боюнча келишимди жыйынтыктады.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ырааттуу мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталган.

Стратегиялык телекоммуникациялык активди сатып алуу заманбап финансылык жана санариптик кызматтарды интеграциялоо, жарандар жана бизнес үчүн технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле инновациялык өсүштү өбөлгөлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ушул тапта Кыргызстандын карамагында “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы “Мегаком”, азыркы “MЕГА” мобилдик байланыш компаниясы) бар. 2023-жылы компаниянын 100% акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алган.

Последние новости