www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет мектептерге бюджеттен 205,5 млн сом бөлгөн

Мамлекет мектептерди чарба жана кеңсе товарлары менен камсыз кылууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылы мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдары үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга республикалык бюджеттен 205,5 млн сом, ал эми учурдагы оңдоп-түзөө иштерине – 404,8 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле быйылкы жылы Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен борбордогу мектептер үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга 59,7 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттар өз убагында жана белгиленген максаттарда өздөштүрүлүүдө.

КР президентинин "Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.

Последние новости