www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп 34 жаштагы Акынбек Мамбеталиев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Тиешелүү документке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчи 34 жашта.

Мамбеталиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин жалпы маселелер боюнча орун басары болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алмаз Мамбетов өкмөт башчынын буйругу менен кызматынан бошотулган.  

Жакында эле ведомствонун алдындагы "Унаа" ишканасына байланыштуу чуу чыккан. Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу жыйын өткөрүп, "Унаа" мекемесинин ишмердүүлүгүн караган. Жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгында, мекеменин коррупцияны жоюу боюнча иш-аракети канааттандырарлык эмес деп табылып, өкмөткө жетекчиси Алымжан Козубаевди иштен алуу сунушталган.  

Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматын жетектей баштаганына бир жыл боло элек болчу. Ал 2019-жылдын апрель айында мурдагы жетекчиси Алина Шаикова өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан кеткенден кийин башчы болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости