www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суроо: Баш прокурор Курманкул Зулушев кызматтан убактылуу четтетилгенден кийин, элге социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады. Мамбетжунус Абылович, ушул туралуу Сиздин пикириңизди угалы дедик эле?
Жооп: Курманкул Зулушев кызматтан четтетилгенден кийин: «Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт», – деп туура эмес айтып жатат. Чындыгында президенттин мыйзам чегинде гана кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Мыйзам боюнча, тергөөчү койгон айыпка Садыр Жапаров эмес, сот гана баа берүүгө укуктуу.
Садыр Жапаровдун тергөө же сот иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Президент катары Садыр Жапаров, мисалга, сот «күнөөлүү» деп өкүм чыгарган адамдарга гана мунапыс жарыялап же ырайым берүүгө укугу бар. Садыр Жапаров болсо «бөйрөктөн шыйрак чыгарып» тергөөчү далилдеген кылмыш иштин канчалык чындыгы бар экенин аныктагыла деп өзү комиссия түзүп, тергөөчү койгон айыпты сот эмес, коммиссия бааласын дейт.
Өлкөдө мыйзамдардын так аткарылышына көзөмөл кыла турган органдын жетекчиси Курманкул Зулушев болсо, президент Садыр Жапаровтун мындай чечимине бөгөт коюунун оордуна: «Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт», – деп элдин башын айлантып жатат.
Муну биздин элде: «Ишенген төөм сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын», – деп коёт. Бул деген, орусча айтканда, «Платон мне друг, но истина дороже» деген принциптен биздин бийлик такыр тайыганын далилдейт. Бул деген – биздин бийликте «каста неприкасаемых» пайда болгонун далилдейт. Бул деген – биздин бийлик ошол кастанын түшүнүктөрүн бүткүл элге таңуулоого далалат кылып жатканын далилдейт.
Булак: NazarNews.kg