www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев шайлоонун күнү кандай ниет менен жылдырылганын түшүндүрүп берди.

"Президенттик шайлоо буга чейин январдын акыркы жекшембисинде өтөт деп айтылган. Эми сунуш киргизип, кворум болсун, эл көбүрөөк шайлоого келсин деген ниет менен акыркы шаршемби деп кабыл алып бердик", - деди төрага.

Ошондой эле, парламентте "75чилердин каты" боюнча талкуу уланды. Төрага Маматалиев бул кат аркылуу президенттик шайлоону эрте өткөрүү аракети болгонун айтып, мыйзам өзгөртүлсө шайлоо мөөнөтү тездетилип калмактыгын белгиледи. Ал мындай аракет өлкөдө саясий чыңалуу жана бөлүнүү коркунучун жаратмактыгын билдирди.

Бул кат 75 саясатчы жана коомдук ишмерлер тарабынан президентке жана парламентке жолдонгон. Анда президенттик шайлоону жакын арада өткөрүү сунушталган. Окуя коомдо талкуу жараткан жана бир катар саясий өзгөрүүлөргө, анын ичинде мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетишине чейин алып келген.

Учурда бул кайрылуунун айланасындагы жагдайлар териштирилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече адам камалып, Ташиев, Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу сотто сурак берип жатат.

Последние новости