www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Маалымат булактарынын айтымында, азыркы башкы прокурор Максат Асаналиев УКМКнын төрагалыгына негизги талапкер катары каралууда.
Эгер бул дайындоо ишке ашса, ал азыркы төрага Жумгалбек Шабданбековдун ордун ээлейт. Ал эми Шабданбековго дагы башка маанилүү мамлекеттик кызмат сунушталышы мүмкүн экени айтылууда.
Ошондой эле маалыматка ылайык, Максат Асаналиев УКМКга өтсө, башкы прокурорлук кызматка анын орун басарларынын бири дайындалышы мүмкүн.
Азырынча бул маалыматтар расмий түрдө тастыктала элек.