www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Марлен Маматалиев, Таалайбек Масабиров, Сеидбек Атамбаев.

Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алган адистештирилген мектептерди атайын окуу китептери жана окуу куралдары менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасында адистештирилген жана атайын мектептер үчүн окуу материалдары иштелип чыккан эмес жана ылайыкташа элек. Ошондой эле мектептер үчүн окуу китептери Брайл шрифти менен басылып чыккан окуу китептерин кошпогондо, «Учкун» басмаканасынан гана чыгарылат, ал эми басмакана алардын жоктугуна байланыштуу атайын окуу китептерин чыгара албайт. Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигине бир булактан алуу усулу менен атайын окуу китептерин сатып алуу укугун берүү сунушталууда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости