www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу жердешибиз, Ысык-Көлдүн Барскоон айылында туулган, көрүнүктүү Диван лугат ат-түрк” эмгегин жазган, ошондой эле ал дүйнөлүк аренада алгачкы карта катары таанылган “Барскоон -дүйнөнүн Борбору”  картасын жараткан. 2024-жылды ЮНЕСКО  байыркы түрк филологиясынын асыл бермети, ХI кылымдын шедеври катары таанылган “Дивани лугати ат-түрктүн” 950 жылдыгы” деп жарыялады. Аталган жыл дүйнө жүзү боюнча улуу жердешибиз Махмуд Кашкари Барскоонин жылы болот. Бул биз үчүн да чоң сыймык.

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ТҮРКСОЙ эларалык уюмунун демилгеси менен “Махмуд Кашкари Барскоонинин дүйнөлүк илимдеги орду” эл аралык илимий-конференциясын өткөрдүк. Конференцияга бир нече өлкөлөрдөн белгилүү окмуштуулар, илимпоздор, Түрк дүйнөсүнүн шаарлар бирдимдиги, Түркиянын шаарларынын мэрлери, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду катышты.

Биз илимий - конференцияда айтылган маселелерге токтолбостон, анын практикалык жагын б.а. ТҮРКСОЙ уюму белгилеп өткөн урунттуу жана иштиктүү сунуштарга токтололу:

1. Бардык илимий эмгектерде, жыйындарда, макалаларда расмий түрдө Махмуд Кашкаринин аты толук “Махмуд Кашкари БАРСКООНИ ( Барскоондук, б.а. анын туулуп-өскөн жерине урмат катары) деп жазылсын деген сунуш.

2. Ысык-Көлдүн түштүк жолуна (Барскоон тушунда) Махмуд Кашкари Барскоонинин стелласын, “Барскоон -дүйнөнүн Борбору” картасын орнотуу ( узундугу 6 метр, туурасы 4 метр болжолунда). Бул багытта жергиликтүү бийликтерден долбоорду түзүү ишин өтүндүк. Долбоорду аткаруу иштерин Түрк дүйнөсүнүн шаарлар биримдиги жана ТҮРКСОЙ колуна алат.)

3. Барскоон айылында Махмуд Кашкари Барскоонинин музейин куруу иши демилгеленди.

4. 2024-жыл - Махмуд Кашкари Барскоонин ЮНЕСКО белгилеген Жыл алкагында чон симпозиум өткөрүү

5. Махмуд Кашкари Барскоонин бирдиктүү, бекитилген сүрөтүн пайдалануу ( ар бир булактарда ар кандай сүрөттөр пайдаланып жүрөт. Махмуд Кашкари Барскоонин сүрөтүнүн үлгүсүн белгиялык кыргыз сүрөтчү Ибрагим Бакиров жаратты.)

Бул сунуштарды атактуу жердешибизге улуу сый-урмат деп билебиз. Ошону менен бир катарда  Барскоондук улуу инсандын туулган жерин көрүүгө кызыккан дүйнө жүзүндө элдер көп, ал бир чети туризмди өнүктүрүүгө жол ачат.

“Колдо бар алтынды барктай билели” деген ата-баба сөзүн унутпайлы.

Султан Раев

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости