www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси Иран өзүнүн дээрлик бардык байытылган уранын сактап калганын билдирди. Бул тууралуу ал Financial Times гезитине берген маегинде айткан.

Гроссинин айтымында, Израил менен АКШнын июнь айындагы соккуларына карабастан, Ирандагы 60% деңгээлге чейин байытылган урандын дээрлик баары азыр да өлкөдө сакталып турат. Ал ошондой эле МАГАТЭ инспекторлорун Иран бийлиги Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы негизги атомдук объекттерге киргизбей жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, июнь айында Израил Ирандын ядролук жана коргонуу инфраструктурасына чабуул жасаган. Кийин АКШ да операцияга кошулуп, Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы объекттерге бункерге каршы атайын бомбалар жана канаттуу ракеталар менен сокку урган.

Вашингтон анда “Ирандын ядролук программасы толугу менен жок кылынды” деп билдирген. Бирок кийинчерээк америкалык жана европалык чалгын маалыматтары көрсөткөндөй, Тегерандын ядролук мүмкүнчүлүгү болгону бир нече айга артка кеткен. Financial Times гезитинин маалыматы боюнча, 408 кг 60% байытылган уран чабуул алдында башка жерге жашырылган. 

Ирандын 60% байытылган уранын сактап калганы, ядролук курал жасоого бир эле кадам калганын билдирет. Эл аралык нормалар боюнча, 90% байытылган уран курал чыгаруучу деңгээл болуп эсептелет.

Эгерде МАГАТЭ инспекторлоруна объекттерге кирүүгө уруксат берилбесе, дүйнөлүк коомчулук Тегерандын чыныгы максаттарын билбей калат. Бул жагдай аймактагы чыңалууну күчөтүп, Жакынкы Чыгыштагы жаңы атомдук кризистин башталышына алып келиши мүмкүн экени айтылып жатат.

Арийне, Израил менен АКШнын чабуулдары Ирандын ядролук программасын токтото алган жок. Байытылган уран ордунда. МАГАТЭ көзөмөлсүз калды. Ал эми дүйнө болсо, Ирандын кийинки кадамын күтүп турат.

Последние новости