www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров коронавирус жок деп Нобель сыйлыгын алабы?

Ким коронавирусту түп –тамырынан жок кылса Нобель сыйлыгын беребиз деп турушат. Адахан Кимсанбаевич Кыргызстанда коронавирус жок деп жарыялады. Ал коронавирусту жоготуш үчүн аракет деле кылган жок. Жөн гана дүйнөнү аралап жүргөн коронавирус биздин мамлекетке жок экенин түшүндүруп жатат, анын сөзүн Туу көтөрүшкөн айрыкча даваат кылып жер-жерлерди кыдырып жүргөн жердештер, чын эле коронавирус кыргыз жеринде жок экен дешип, жер- жерлерди кыдырууну тилек кыла баштагысы келет. Ашыкпаш керек, учурда коронавирус илдети көбөйүп турганы чын. Ал эмес коңшулаш Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөтүнө эгер абал ушул жагдайда өсө турган болсо кайрадан карантин кылуу пландарын өкмөтүнө жарыялады. Ал эми дагы бир тараптан коңшулаш Өзбекстан президенти Мирзиеёв да бул дарттан чоочулап, күчөтүлгөн режимге өтүп жатат.

Кыргызстан да Түркмөнстанга окшоп бул дартты жашырбай, коронавирус менен күрөшүүгө өтүп келатат. Элдин тилеги коронавирус менен күрөшөбүз деп, мамлекеттин зарыл зоналарын карантин деп жаап салбаш керек. Бардыгы өз алакасын кылыш үчүн санитардык нормаларды сакташ керек. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков парламентте элге кайрылып жатып, элди мажбурлап карантинге алып кирбейбиз деген оюн айтты. Бирок, карантинден сактануу үчүн эл көп чогулган жерлерге баруудан сактаныш керек. Айрыкча, ресторандарда элдин барын чакырып салтанаттуу үлпөт курууга болбойт. Кыргызстандагы акчасы көп бай –бачалар коронавирус илдетин уруп ойнобой ресторандарда чалчаңдап отургусу келет. Коронавирус тарап жатса балким аларга бийликти оодаруу үчүн шылтоо сыяктуу. Коронавируска шылтоолоп кээ бир атка минерлер өздөрүнө бөлүнгөн акчаларды элге беришпей ич ара бөлүштүрүп алганы ажеп эмес. Бирок, алар ким экени ачык айтылганда артынан кылмыш иштери козголуп жатканы, бардык эле коронавируска бөлүнгөн акчалар тиешесиз кетип жатканын айгинелебейт го.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости